КоомКылмыш-кырсык

Лейлек районунун 47 жаштагы тургуну уюшкан кылмыштуу топтон баш тартты

Баткен ОИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында Лейлек районунун 47 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Г.М. уюшкан кылмыштуу топтон баш тартып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Лейлек районунун тургуну Г.М. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен Лейлек районунун 42 жаштагы тургунунун коркутуп, 15000 АКШ долларын сураганда ал жакын тууганынын айдап жүргөн Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын 1000000 (бир миллион) сомго карызга алып, автоунааны Г.Мге өткөрүп бергендигин билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Баткен ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кылмышка шектүү Г.М. изин жашырып кеткендиктен ага издөө иши ачылып, ал эми анын үч кылмыштуу шериги ошол эле замат кармалган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө Г.М. кармалып, тергөө иштерин жүрүшүндө ал уюшкан кылмыштуу топтон баш тарткандыгын билдирген. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button