Коом

Саламаттык сактоо министрлиги табыпчылыкты мыйзамдаштырууну сунуштады

Өлкөдө табыпчылыкты изилдөө, өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо системасына интеграциялоо мерчемделүүдө. Өкмөттүн тиешелүү токтому коомдук талкууга чыгарылды.
Токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыкканы белгиленген.
Анда табыпчылык (салттуу медицина) байыртадан муундан-муунга оозеки же жазуу түрүндө берилип, илимий, логикалык негиздегенге мүмкүн болбогон медициналык көндүмдөрдүн жыйындысы экени жазылган.
«Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акупунктура (ийне менен дарылоо), физиотерапия жана табигый каражаттар менен дарылоо (натуротерапия), хиропрактиканы (сыныкчылык) салттуу медицинанын негизи катары эсептейт. Табыпчылыктын башка түрлөрүн ар бир өлкө өзгөчөлүктөрүнө карап аныктайт», — деп жазылган маалыматта.
Элдик медицинаны өнүктүрүү жана саламаттык сактоо системасына интеграциялоо максатында төмөнкүлөр сунушталууда:

табыпчылыкты изилдөө, системалаштыруу жана окутуучу программаларды иштеп чыгып, интеграциялоо;

материалдык-техникалык база түзүү, окутуу үчүн сертификатталган кадрларды даярдоо;

студенттерди жана дарыгерлерди элдик медицина боюнча окутуу жана бул багытта диссертациялык кеңеш түзүү;

бардык медициналык мекемелерде элдик медицина боюнча штат ачуу;

дары чөптөрдү изилдөө максатында элдик медицина боюнча академия же институт ачуу;

министрлер кабинетине дары-дармек өстүрүү максатында дары чөптөрдү өстүргөн аянттарды уюштурууну сунуштоо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button