КоомКылмыш-кырсык

«Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде тинтүү иштери жүргүзүлдү

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө ДЭУнун активдүү мүчөлөрү жашаган 7 жерде санкцияланган тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Натыйжада 53 китеп, 8 телефон, 20 журнал, 26 дептер, 1 ноутбук, 1 флеш-карта, 2 банк картасы табылган. Аталган буюмдар Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматына диний экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш ишине тиешеси бар адамдарга карата КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button