КоомСпорт

Казакстандын көкпарчылары Ысык-Көлдөгү турнирге катышпайт

Казакстандын көкпар боюнча курама командасы Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган «Биримдик кубогуна» катыша албайт. Бул тууралуу «Informburo.kz» сайты Казакстандын көкпар боюнча федерациясына шилтеме берүү менен жазды.

«Себеби бул күндөрү башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда көкпарчылар ошол оюндарга даярданып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын көкпар менен көк бөрү боюнча курама командаларын Ысык-Көлгө чакырганы белгилүү болгон. «Биримдик кубогу» 1-ноябрга белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button