КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Айрым микрокредиттик уюмдардын иши текшерилет

Карыз алуучулардан келип түшкөн даттанууларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири жеке микрокредиттик уюмдардын ишин төмөнкү жагдайларга байланыштуу текшерүүгө алууда:

— Жеке жана юридикалык жактарга насыя берүүдө пайыздык ченемдердин сакталбагандыгы (жылдык 33% дан көп эмес);
— Жеке жана юридикалык жактарга кредит берүү жол-жоболору бузулган учурда (Кредиттин максималдуу суммасына карата талаптарды айланып өтүү үчүн кредит берүүнүн бытырандылык фактылары бар);
— милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында көзөмөлдөөчү органдарга жалган маалыматтарды (отчетторду) берүү;
Ошону менен бирге, КР УКМК жеке жана юридикалык жактарды кредиттөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузуу кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button