ДүйнөКоом

Москвада Wildberries кеңсесинде атышуу болуп, эки киши каза тапты

Wildberries ири компаниясынын Москвадагы кеңсесинде ок атылып, эки киши каза болду, дагы он чакты киши жараат алды. Интернет-дүкөндүн негиздөөчүсү, Орусиядагы эң бай аялдардын бири Татьяна Бакальчук Телеграмга билдирүү жарыялап, күйөөсү Владислав Бакальчукту компанияны басып алууга аракет кылып жатат деп айыптады. Маалымат булактары жазгандай, атышуу Кремлден 350 метр аралыкта жайгашкан «Романов Двор» бизнес-борборунда болду, жабыркагандар арасында кавказдык эрежесиз күрөш мушкерлеринен кеминде үчөө бар. Алардын бири, «Агентство» басылмасынын маалыматына караганда, Чеченстандын тургуну жана бул республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун «Ахмат» күрөш клубунун мүчөсү. Орусиянын күч органдары менен байланышта экени айтылып жүргөн Mash Телеграм каналы жабыркагандардын арасында кесипкөй спортчулар Абубакар Местоев, Умар Чичаев жана оор салмактагы бокс боюнча Орусиянын жана орус армиясынын чемпиону Рашид Кодзоев бар экенин жазды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button