КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды. Видео

УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган Кара-Суу райондук «Кадастр» МИнин мурдагы башчысы Ш.Р.Ж. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Ал жетекчи болуп турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди (мектептерди, бала бакчаларды, комуналдык-кампа зоналарын, айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ж.б.) куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги аныкталган.

Мындан улам, Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button