Коом

Парламенттен жергиликтүү кеңештерге тиешелүү мыйзамдар үч окуудан өттү

Парламентте жергиликтүү кеңештерге шайлоого тиешелүү мыйзам долбоорлордун топтому экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Алсак ЖК депутаттары жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо, алардын статусу, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, республикалык шаарлардын статусуна тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү пакети менен карады.
Ага ылайык, төмөнкүлөр сунушталууда:

шаардык кеңешке шайлоодо саясий партияга эле эмес, талапкерлерге да добуш берилет;

партия алган мандаттарынын 30 пайыздан кем эмеси көп добуш алган аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт;

айрым талапкерлер (мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери ж.б.) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга милдеттүү;

шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүлүүдө.

Бишкек, Ош шаарларынын кеңештери:

500 миңге чейин — 45 депутат, андан ашса 51 депутат;

шаардык жана айылдык кеңештер:

6 миңге чейин — 11 депутат, андан ашса 21 депутат;

20 миңден ашса — 31 депутат;

70 миңден ашса — 41 депутат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button