Коом

Жамиля Жаманбаева: Баткендин Зардалы айылынын тургундарынын социалдык көйгөйлөрүн чечүү керек

Баткендин Зардалы айылындагы балдардын билимге болгон укугун камсыздоо жана тургундардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү керек. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын мамлекеттик органдарга жөнөткөн катында айтылат.

 

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, Жамиля Жаманбаеванын тапшырмасы менен Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлү Зардалы айылынын жашоочуларынын укуктарынын сакталышы боюнча абал менен жеринен таанышып келген.

“1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө. Айыл тургандары медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет. Айылды облус менен байланыштырган жалгыз шагыл жол 6 ай гана ачык болуп, кышкысын жабылып калып, сырткы дүйнө менен байланыш үзүлөт. Кыш мезгилинде тургундар аска боюндагы жалгыз таман жол менен жөө-жалаңдап катташат”, — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда тургундар бул каттам менен жүрүү кооптуулукту жаратарын, айрым учурларда жергиликтүү тургундардын өлүмү менен коштолгон кырсыктар да кездешерин кошумчалашкан. Ошондой эле Зардалыда мугалимдер, мектеп окуучуларына окуу китептери жетишсиз экени, мектеп бир канча убактан бери директору жок иштеп жатканы, уюлдук байланыш, интернет иштебей турганы белгилүү болду.

Мындан тышкары, дарыгердин жоктугунан ФАП да жабык турары, айылдыктар жардамга муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрылышары айтылды.

Буга байланыштуу иш сапардын жыйынтыгы менен бир нече мамлекеттик органдарга Зардалы айылынын тургундарынын укуктарынын сакталышы тууралуу акыткайчынын атынан кат жөнөтүлдү.

“Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам”, — деди Жамиля Жаманбаева.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button