Коом
Халык Банк Кыргызстан» расмий түрдө «О!Банк» болду
Улуттук банк «Халык Банк Кыргызстан» ААКнын лицензиясын алмаштырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемеси билдирди.
Тактап айтканда, лицензия 17-сентябрда алмаштырылган. Бул «Халык Банк Кыргызстандын» толук фирмалык аталышынын жана кыскартылган фирмалык аталышынын өзгөрүшүнө байланыштуу.
Ошентип банк расмий түрдө «О!Банк» ачык акционердик коомуна айланды.