Коом
Россияда иштеген мигрант айылына мектеп салып берди
Кубат Досматов көп жылдан бери Россияда соода тармагында иштейт. Ал ушуну менен экинчи жолу кичи мекенине мектеп салып берди.
Бул сапар Базар-Коргон районунун Арсланбап айылындагы 19-мектепке 180 орунга ылайыкталган кошумча корпус жана жанына футбол аянтчасын салды. Курулуш материалдары жана усталарга акы төлөө милдетин алган, калган иштерине айылдаштар жардам беришкен.
Аталган мектеп чакан болгондуктан окуучулар батпай, 3 нөөмөттө окууга аргасыз болуп келишкен.