Коом

20-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 20-сентябрь, күндүз республиканын тоолуу райондорунда жамгыр жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +20…+25, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16…+31, Ысык-Көл жергеси менен Нарын өрөөнүндө +19…+24 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +26…+28, Ош шаарында +29…+31 градуска көтөрүлөт.
Күнүңүз берекелүү өтсүн!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button