Коом

Жаратылыш ресурстары, экология жана коммерция министрлиги Кант шаардык мэриясына айып салды

Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Ата районунун Гагарин айылындагы таштанды таштоочу жайда таштандыларды өрттөө фактысы боюнча атмосферага булгоочу заттарды чыгаргандыгы үчүн Кант шаарынын мэриясынын «Эмгек Люкс» ишканасына КР Кылмыш-жаза кодексинин 230-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 28 миң сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө токтом чыгарылды.

Учурда Кант шаардык мэриясынын кызматкерлери тарабынан таштанды таштоочу жайдагы өрттү өчүрүү иштери жүрүп, бульдозер менен катуу таштандынын калдыктарын тегиздөө иштери уланууда.

Кант шаарынын мэриясы таштанды таштоочу жайда жайгашкан түтүндү жок кылуу жана андан ары күйүп кетүү иштерин көзөмөлдөөдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button