Коом

Кыргызстанда мобилдик тоокканалар чыгарыла баштайт

Кыргызстанда айыл аймактар үчүн мобилдик тоокканаларды курууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигинде канаттуулар чарбасы үчүн жабдууларды өндүрүүчү жана экспортоочу “Чжэнчжоу Ливи жабдуулар” ЖЧК кытай компаниясынын башкы директору Женг Йабинг, “Оазис Агро” компаниясынын өкүлү Константин Бородин жана “Роял Брид” асыл тукум канаттуулар фабрикасынын өкүлү Дастан Сүюнтбеков менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун алкагында айыл аймактар үчүн мобилдик тоокканаларды курууга багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумга ылайык, мобилдик тоокканалар массалык түрдө чыгарылып, өлкө калкына “Формат IKEA” принциби боюнча таратылат.

Мындан тышкары, жолугушууда Араван районундагы 60 миң канаттууга ылайыкталган канаттуулар фабрикасынын долбоору сунушталып, ал 2025-жылы жазында иштей баштары белгилүү болду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button