Кылмыш-кырсык
УКМК: 30 млн.сомдон ашык суммадагы алтын куймаларын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду
УКМК тарабынан республикалык бюджетке жана баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында Казакстан Республикасынын аймагына бараткан «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Лексус 470» үлгүсүндөгү автомашина кармалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу үчүн тиешелүү документтери жок жалпы салмагы 3,3 кг алтын куймалары жашырылган жай аныкталды.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо, ошондой эле курамында алтын бар металлдарды контрабандалоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уюштурулууда.