КоомКылмыш-кырсык

УКМК: Экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун Жыламыш айылындагы мектептин имаратынын ээси мен эмесмин дегени чындыкка дал келбейт

Экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун Сокулук районунун Жыламыш айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилген мектептин имаратынын ээси мен эмесмин дегени чындыкка дал келбейт.

Анын ЖМКлардагы билдирүүсү чындыкка дал келбесин тастыкталган документтер жокко чыгарат. Тактап айтканда, 1998-жылдын 14-декабрындагы №1141 жерди пайдалануу укугуна мамлекеттик актыларды эсепке алуу китебинде катталган, 1998-жылдан азыркы учурга чейин №021438 форма боюнча мамлекеттик актынын анык көчүрмөсү мыйзамсыз түрдө Медеткан Шеримкуловдун үй-бүлө мүчөлөрүнүн колунда болгон. Натыйжада, ЖӨБ органдары жогоруда аталган объектти өз балансына кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.


Буга байланыштуу Сокулук районунун Гаврилов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Шеримкуловдордун үй-бүлөсүнө жогоруда аталган мамлекеттик актынын түп нускасын кайтарып берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан. Акыркы кайрылуу 2023-жылдын күзүндө болгон. КР УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында “Документтерди кабыл алуу-өткөрүү актынын” негизинде 2024-жылдын 11-сентябрында Сокулук районунун Жыламыш айылынын Гаврилов айыл өкмөтүнө өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button