Коом

Профессор Журупова: Кыргызстанда биоактивдүү кошулмалардын башаламан сатылганы кооптуу

Бишкектеги Муса Рыскулбеков атындагы КЭУнун профессору Бермет Журупова болду. Биз биоактивдүү кошулмалардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасири, туура колдонуу жана дегеле БАК деген эмне деген темада Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берген. 
— БАК деген эмне? Алгач түшундүрмө берип кетсеңиз?
– Алгач биологиялык активдүү заттар менен тамак-аш кошундуларынын айырмасын билишибиз керек. Тамак-аш кошундуларын даам, өң, жыт берүү үчүн колдонушат. Булардын баары эле химиялык заттар. Азыр таза тамак калган жок. Организмибизде биологиялык активдүү заттар болот жана алар дайыма (минералдык заттар, витаминдер) бөлүнүп сыртка чыгып тургандыктан ордун толуктоо кажет. Бирок азыр тамак-аштар да ошол керектүү заттарга жарды болууда. Биологиялык активдүү заттар ооруга туруштук берүүгө жардам берет. Мисалы, витаминдер, ар кандай чөп чайлар, мунун баары биологиялык активдүү заттар болуп эсептелинет. Бирок көзөмөлсүз иче бергенге болбойт, булардын да өлчөмү болот. Керек болсо витаминдер нормадан ашып кетсе да оору пайда болушу мүмкүн. Айрымдар чөптөрдү чогултуп алып эле чайлардын түрүн иче берет. Тынымсыз ичкенде андагы заттар организмге топтолот да тескери таасир бере баштайт. Биологиялык активдүү заттар бул биздин тамак-ашка кошулуп берилүүчү кошунду. Адамдын организминде 600гө чейин химиялык зат бар.
— Эмне себептен азыр тамак-аштарда ошол керектүү витаминдер жетишсиз болууда?
— Себеби климат алмашып жатат. Айыл чарба багытында көбүрөөк түшүм алуу үчүн пестициддерди, жер семирткичтерди арбын колдонуп жатабыз. Бул топурактагы баалуу биологиялык заттарды азайтат. Мал да ошол чөптү жейт, алардын эти аркылуу организмдеги баалуу заттардын жетишсиздигин жоюшубуз керек. БАКтардын (биологиялык активдүү кошулмалар — ред.) пайдасы менен кошо зыяны да бар. Дүйнөдө азыр БАКтар көп чыгарылууда. Бирок колдонордун алдында алгач текшерилип алуу керек. Себеби организмге кайсы биологиялык зат канча өлчөмдө жетпесин билип, анан ошого жараша колдонуу зарыл. Бизде бул жаатта илимий изилдөөлөр жок. БАКтарды кандай өлчөмдө, канча убакыт ичиши керектиги тууралуу изилдөө жасалган эмес. Биологиялык активдүү заттар бардык жерде сатылып жатат.
— Негизи так көрсөтмөсү жок турбайбы?
— Ооба, клиникалык изилдөө жүргүзүлбөгөндүктөн так көрсөтмөсү жок. Ошондуктан ар бир адам БАКтарды сатып алып жатканда «бул бизге эмнеси менен пайдалуу, канча ичүү керек» деп ойлонушу зарыл. Врачтар менен кеңешип туруп анан ичкен оң. Азыр ар кандай БАКтарды сунуштаган агрессивдүү жарнамалар көбөйүп кетти. Алардын кесепетинен эл ичүүгө болбой турган заттарды ичип жатат. Мисалы, айрымдарынын биздин климатта ичүүнүн канчалык зарылчылыгы бар? Ушундай да суроолор бар. «Курамында момундай-момундай заттар, момунча өлчөмдө бар» деп жазылат. Бирок аны ким изилдеди? Канчалык ишенимдүү?
— Биологиялык активдүү зат менен кошулманын айырмасы кандай?
— Биологиялык активдүү заттар кошулманын ичинде болот. БАКтар — бул дары эмес. Дарылабайт. Болгону организмдеги витаминдерди гана толуктайт. БАКтын эки түрү бар. Биринчиси — нутрицевтиктер, натуралдуу азыктан алынат. Муну менен катар парафармацевтик деген түрү да бар. Алар дарыканада сатылган А, В, С, Д витаминдери болуп саналат. Нутрицевтиктер менен парафармацевтиктердин ортосун аз эле айырма бөлүп турат. Парфармацевтикти врачтын жазып берген өлчөмү менен ичсек, нутрицевтикти колдонууда андай чектөө жок. Биологиялык активдүү заттарды жаныбарлардан, чөптөрдөн, жемиштерден алышат, ага ар кандай химиялык заттарды да кошуп коюшу мүмкүн. Учурда биологиялык активдүү кошулмаларды билими жок эле адамдар жарнамалап сатып жатканы өкүндүрөт. Биологиялык химия деген атайын илим бар. Анда биологиялык кошулмаларды кантип ичүү керектиги жана ал кантип организмден чыгып кетерине чейинки механизми кенен жазылган. Керек болсо витаминдерди да өзүнүн нормасы менен жазып беришет. Балдарга биологиялык кошулмаларды бергенге болбойт. Парафармацевтик витаминдерди берүүгө болот, бирок анын сыртында БАК деп жазылбайт. Маркалоодо БАКтын курамы толук жазылышы керек.
— БАКтар аллергия чакырып, адам өмүрүнө кооптуулук чакырган учурлар болобу?
— Айрым БАКтардын курамында аллергиялык ооруларды пайда кыла турган заттар да бар. Бирок негизи аллергиянын көбөйүп жатканы биологиялык активдүү кошулмалардан эмес. Биринчиден, тамак-ашыбыздын курамына көзөмөл жакшы жүрбөй жатат. Пестициддер, антибиотиктер болушу мүмкүн. Базардан тамак-аш сатып алууда бири да сертификат көрсөтө албайт. Ушундай тамактар менен БАКтар кошулуп аллергияны күчөтүшү ыктымал. Кооптуулук жараткан биологиялык активдүү заттын сыртына «аллергия чакырышы мүмкүн» деп сөзсүз жазылышы кажет. Бирок азыр жазылбайт, анткени аны изилдеген киши жок. Биздин кардарлар да кутунун сыртын окубайт.
— Биологиялык химия, башкача айтканда, БАКтарды илимий жактан изилдөө бизде эле аксап жатабы же дүйнөдө абал ушундайбы?
— Дүйнө жүзүндө аксайт. Биздин врачтар да БАКтар тууралуу жакшы билбейт. Анткени клиникалык нутрициологдор жок. Көбүнчө өзүн нутрициолог атагандардын көбү «арыктатам, тамактануунун программасын түзүп берем» деп өз БАКтарын сатууну көздөшөт. Бул туура эмес. Тамак-ашты да дайыма өлчөмү менен жешибиз керек. Темир деле биоактивдүү зат, бирок аны эттен алсак болот. Ар кимибиз организмибизге керектүү өлчөмдү билишибиз керек. Баланс сактабаса болбойт. Тамак-аш өндүрүүчүлөр да тамактын курамын текшерип, так даанасын маркалоодо көрсөтүүгө милдеттүү. Тилекке каршы, текшербей эле жазып койгондор да бар.
Булак: Спутник.кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button