Коом
Ысык-Көл облусунда алгачкы «Санжыра музейи» ачылат
Жети-Өгүздө 27-сентябрда алгачкы «Санжыра музейи» ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда тиешелүү норма жок болгондуктан ал тарых музейи катары ачылып турат. Ошондуктан ал «Музейлер жана Музей фонду жөнүндө» мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр демилгелегенин белгиледи.
«Генеалогияны санжыра деп атап, кыргыздар байыртадан бери муундан-муунга изилдеп, оозеки өткөрүп келишет. Кыргыз элинин маанилүү салттарынын бири катары санжыраны андан ары сактоо жана өнүктүрүү илимий ыкмаларды кеңири колдонууну талап кылат. Мындай ыкмалардын катарына адамдардын туугандык байланыштарын, уруулук тарыхын, жеке адамдардын келип чыгышын, туугандык байланыштарды орнотууну, муундардын сүрөттөрүн жана санжыраларды түзүүнү жүзөгө ашыруучу санжыра музейлерди түзүү кирет. Бул тарыхый муундардын уланышына чоң салым кошот», — деди баяндама жасап жатып Ормонов.
Натыйжада мыйзам долбоору комитетте биринчи окууда каралып, колдоо тапты.