Коом
Бишкекте транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө
Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салыкчылар патрулдук милиция менен биргеликте айдоочуларды текшерүүдө.
Салык төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.