КоомСаясат

Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында сүйлөдү

Президент токтолгон маселелер:

Дүйнөдө курал-жарак чыгымы жыл сайын өсүүдө. Ошол эле учурда жакыр жана аялуу мамлекеттер өнүгүүсүнө, жашоо шартын жакшыртууга жетишпей жатышат.

Экономикасы төмөн турган өлкөлөр саламаттык сактоо, билим берүү, инфраструктура тармагына жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн инвестицияга муктаж.

Аскердик чыгымдарга жумшалган ресурстарды таза сууга жетүү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү балдардын билими, ачарчылыкка каршы күрөш же климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү программаларына жумшасак чоң салым болмок.

Кыргызстандын алдында өнүгүүгө инвестиция салуу, жакырчылыкты азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо муктаждыгы менен көмүртек нейтралдуулугуна жетүү сыяктуу үч чоң чакырык турат.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүгө жардам болуш үчүн Кыргызстан «жашыл экономикага» карыз алмашуу механизмин күчөтүп жана бардык жерде жайылтууну сунуштайт.

«Жашыл» келечекти куруу аракетибизге мисал келтирсем, быйыл Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап жана инновациялык «Асман» шаарын курууну баштадык. Келерки жылы Кемин шаарын кура баштайбыз.

Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин сунуштайт жана Нью-Йорк шаарында өтө турган шайлоолордо колдоого үмүт артат.

Кыргызстанды кошкондо 60 мүчө мамлекет эч качан Коопсуздук Кеңешине шайланган эмес.  Бул тарыхый адилетсиздикти жоюуга убакыт келди.

Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясына «Эл аралык ак илбирс күнүн» жарыялоо жөнүндө резолюция киргизди. Бардык мамлекеттерди бул демилгени колдоого чакырам.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button