Кылмыш-кырсык

УКМК: Кара-Балта шаарындагы автобекет мамлекеттин балансына кайтарылды

 

УКМК тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен автобекет мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү органдарынын жооптуу адамдары тарабынан Кара-Балта шаарынын автобекети 0,60 га жер тилкеси жана курулушу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен бааланган наркы 209 млн.сомдон ашкан объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Азыркы учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button