Коом

Билеттердин кымбатташы боюнча «Манас» аэропорту түшүндүрмө берди

«Манас» эл аралык аба майданы Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын билеттери эмнеге кымбат болуп жатканын түшүндүрдү.
Эске салсак, буга чейин ички каттамдардын баасы 2 100 сомдон 3 300 сомго чейин болору айтылган. Бирок кыргызстандыктар соцтармак аркылуу билеттер беш миңге чейин жетип жатканын жазышууда.
Бул боюнча аба майдан баалардын тарификация принциби бар экенин билдирди.
«Билет баасы сатып алынган орундардын санына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Канчалык көп орун брондолсо, баалардын өзгөрүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот», — деди аэропорттон.
Учурда ар бир каттамдагы акыркы 5 орундун баасы төмөнкүдөй:

«суперэконом» — 4000 сом;

«толук эконом» — 4500 сом

«флекс эконом» — 5000 сом.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button