Коом

«Түндүк» порталында эки жаңы кызмат ишке киргизилди

«Түндүк» порталында эки жаңы кызмат ишке киргизилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматында айтылды.
«Эми колдонуучулар баланын катталгандыгы жөнүндө маалым каттарды, ошондой эле өз балдары үчүн кыймылсыз мүлк объектилерине менчик укугу (мүлкү/жоктугу) тууралуу маалым каттарды түздөн-түз мобилдик тиркеме аркылуу ала алышат», — деп айтылат маалыматта.
Маанилүү шарттар:

балдардын маалыматтары тиркемеде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү толук санариптештирилген учурда гана көрсөтүлөт;

эгерде бала жөнүндө маалымат тиркемеде көрсөтүлбөсө, пайдалануучулар туулгандыгы тууралуу күбөлүктү санариптештирүү үчүн «кызматтар» бөлүмүндөгү «ЖААК документтерин санариптештир» кызматын пайдалана алышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button