Коом

Кыргызстанда Дельфи оюндары өтөт

Бишкекте 1-октябрдан 5-октябрга чейин Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин балдары үчүн ачык Дельфи оюндары өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Новосибирск, Коми жана Дагестан республикалары), Түркмөнстан, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан чыгармачылык сынактардын жеңүүчүлөрү, Бишкек Дельфи оюндарынын жеңүүчүлөрү катышат. Жаш курак чектелген, тагыраагы, оюндарда 7 жаштан 14 жашка чейинки жаш таланттар ат салышат.
«Программага элдик, классикалык жана заманбап искусствонун 11 номинациясы боюнча сынактар кирет. Алардын катарында фортепиано, скрипка, классикалык гитара, сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, жеке элдик ырдоо, ди-джей, элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле Парадельфи номинациясы – жаңдоо тилинде ыр ырдоо бар», — деп жазылат маалыматта.
Оюндардын жеңүүчүлөрүнө ар бир номинация боюнча алтын, күмүш жана коло медалдар, ошондой эле кесипкөйлүгү үчүн дипломдор ыйгарылары кошумчаланды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button