Коом

ЖКККББгы Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата сынак жарыялайт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата жол эрежесине кайдигер карабаган чыгармачыл, мекенчил жарандар арасында сынак жарыялайт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сынакта жарандарыбызды жол эрежелерин сактоого чакыруу, жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын (айдоочулардын, жөө жүргүнчүлөрдүн) арасында жолдо жүрүү маданиятын, сый-урматын калыптандыруу жана жол кырсыгы катталган учурда жарандарыбыз кайдигер болбой, бири-бирине көмөк көрсөтүүгө үндөгөн чакыруулар камтылат.

Сынакка даярдалган материалдар:
-ыр түрүндө;
-кара сөз түрүндө; (аңгеме, баяндама)
-видео тасмалар түрүндө (10 мүнөттөн ашпаган) кабыл алынат.

Сынакка жөнөтүлгөн материалдар мамлекеттик же расмий тилинде даярдалса болот.
Материалдарды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын [email protected] электрондук дарегине же (0709) 287290 “WhatsApp” , телеграм номуруна 2024-жылдын 15-октябрына чейин жөнөтүү зарыл.

Сынакка катышуучулардын жаш курактарына, ээлеген кызматтарына чек коюлбайт.

Жеңүүчүлөр 20-октябрга чейин калыстар тобу тарабынан аныкталып, мыкты деп табылган ыр саптардын, видео тасмалардын жана башка материалдардын авторлоруна ИИМдин ЖКККББгы тарабынан баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылып, масссалык маалымат каражаттарына чагылдырылат.

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: (0709) 287 290 (0703) 700 333

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button