Коом

Кыргызстанда 10дон ашык «Эл Аман» дарыканасы ачылат

Жакын арада Кыргызстанда 13 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин өлкө боюнча 87 мамлекеттик дарыкана ачылган.

«Мамлекеттик дарыканаларда дарылар жеке аптекаларга караганда 20-30% арзан сатылат. Мамлекеттик дарыканалардын пайда болушу менен жеке жактар бааны арзандатууга киришет деп ойлойм», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button