Коом

УКМК: Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен «Оберег» реабилитациялык борборуна материалдык жардам көрсөтүлдү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин тапшырмасы менен Мамкомитеттин кызматкерлери тарабынан 27-сентябрда «Оберег» реабилитациялык борборун түзүлгөн күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташуу үчүн «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү микроавтобус тапшырылды.

Буга чейин КР УКМК төрагасынын атына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап, адаптациялоону үйрөткөн реабилитациялык борбордун кызматкерлери тарабынан кайрылуу келип түшкөн. Буга байланыштуу аталган борборго КР УКМК кызматкерлеринин атынан маал-маалы менен материалдык жана башка жардамдар көрсөтүлүп турат.
«Оберег» РБнын түптөлгөн күнүнө, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевдин туулган күнүнө карата 27-сентябрда «Оберег» РБда өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада аталган борбордун эмгек жамаатынын өтүнүчүнө ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташуу үчүн колдонула турган «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү микроавтобустун ачкычы, баалуу белектер, ошондой эле концелярдык товарлар үчүн акча каражаты тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button