Коом

ИИМ: Бишкек шаарынын мектеп директорлоруна баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу лекция окулду

Укук бузуулардын, анын ичинде баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу, ар бир адамдын жана бүтүндөй улуттун ден-соолугуна кам көрүү мамлекеттин жана коомдун маанилүү милдети болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баңгизатка каршы программасынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мектеп директорлоруна «Жашы жете электерди баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы күрөшүү» темасында лекция окушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Мусаева Рахат Ишенбековнанын төрагалыгы алдында Бишкек шарынын №75 орто мектебинин базасында болуп өттү, ага Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мектептеринин бардык директорлору, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Муниципалдык санариптик өнүктүрүү борборунун өкүлдөрү катышышты.
ИИМдин БМЖКККнын өкүлдөрү милициянын подполковниги Каныбек Усенов жана милициянын подполковниги Умида Исматова республикадагы баңгизаттарга байланыштуу кырдаал менен тааныштырып, жер-жерлерде алдын алуу иштеринин маанилүүлүгү жөнүндө, ошондой эле жаңы психоактивдүү заттардын таралышынын алдын алуу, жашы жете электерди баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартуу боюнча кандай чараларды көрүү зарыл экендиги жөнүндө айтып беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 101-беренесине ылайык баңгизаттарды пропагандалоо жана жарнамалоо үчүн жоопкерчилик каралгандыгы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бангикылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик каралгандыгы түшүндүрүлдү.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы туруктуу негизде маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын жүргүзүп турат.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button