Коом

Илон Маск Италиянын премьер-министри менен сүйүү мамилеси бар экенин четке какты

Америкалык миллиардер Илон Маск Нью-Йорктогу сыйлык тапшыруу аземине чогуу катышкандан кийин тараган Италиянын премьер-министри Жорджия Мелони менен романтикалык мамилеси тууралуу кептерди четке какты.
Дүйшөмбү күнү Атлантика Кеңешинин “Дүйнөнүн жараны” сыйлыгын тапшыруу аземинде Маск өзүнүн мактоо сөздөрүн айтып, Мелонини “сыртына караганда ички дүйнөсү сулуу, чынчыл жана ойчул” деп
сыпаттаган. Жооп катары Италиянын премьер-министри Маскты «гений» деген.
Бул комплименттерге коомчулуктун реакциясы Маскты X социалдык тармагында билдирүү жасоого мажбур кылды:
“Премьер-министр Мелони менен эч кандай романтикалык мамиле жок», – деп жазды ал.
Белгилей кетсек, Маск менен Мелони акыркы жылдары бир нече жолу жолугуп, Батышта төрөттүн азайуусу көйгөйүн жана жасалма интеллекттин потенциалын талкуулашкан. Маск ошондой эле Италия өкмөтүнүн катаал иммиграция саясатын ачык колдоп келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button