Коом
Нарындагы жаратылыш паркында фото капканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтү жарыяланды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Нарын облусундагы Салкын-Төр жаратылыш паркында фото капканга түшкөн жаныбарлардын сүрөтүн жарыялады.
Маалымдагандай, 3 ай ичинде ак илбирс, суур, түлкү, карышкыр жана тоо эчкилердин сүрөттөрү тартылып алынган.
«Быйыл июнь айында «Глобалдык жана жергиликтүү өнөктөштүк» коомдук уюмунун жардамы менен Салкын-Төр жаратылыш паркында 20дан ашык фото капкан орнотулган», — деп айтылат
маалыматта.