Тагдыр: Ойгонсом жол четинде жатыптырмын, жанымдагылар да кыймылсыз жатышат, турайын десем бутум кыймылдабайт…
Тагдыр мени каалагандай калчады деген ырдагыдай жашоодо жаман да, жакшы да бирге жүрөт тура, мен деле далай ирет тагдыр ташында калчандым…
Атым Жаркын, эми гана жыйырманын кырын ашып бара жатам, бирок көп эле сыноолорду баштан кечирдим… Апамдай сулуу аялы турса дагы башканы тандап кеткен атамдын жосунсуз жоругунан кийин эркектерге деген үмүтүм өчтү. Кызым деп жалбарса дагы мурдагыдай эркелеп, мурдагыдай кыялдарымды көрсөтө албай, чоочун адамдай мамиле жасап калдым. Апам болсо мурдагыдай күлбөй, эл менен дагы аралашпай, эч кимге көрүнгүсү келбей, далдоо жерге качып калды.
Жашоо өтө берди, бир күнү атам телефон чалып, тойго чакырды. Көрсө, үйлөнгөн аялынын 2 уулу бар экен, алардын улуусу той берип ошого чакыруу алдым. Жүрөгүм да, бутум да тарткан жок, апам да жибергиси келбегени менен барып келишимди суранды. Ичимдеги жек көрүүм менен атамды эл көзүнчө уят кылгым келди, балким ошол ойдун аркасынан тойго бардым, балким ичимдеги кызыгуу жетелеген чыгаар, айтор, бардым…
Мен отурган столдо салабаттуу, сымбаттуу, кең далы, кара тору жигит отурду, алгач эле бир көрүүдө жылдызыбыз келишип, жакшы сүйлөшүп, ал тургай тамашалашып отурдук. Байкасам, атамдын үйлөнгөн аялы менен да жакшы сүйлөшүп жүрдү, ичимден кыжалат болуп, жаман боло баштадым. Көрсө, ошол аялдын кичүү уулу экен, тагдырдын тамашасын карап койгула.
Баягы өч алуу ойлорумдун баары Канаттын көз карашы менен жуулуп кетти, атамдын буйругу менен Канат мени үйгө чейин жеткирип барды. Бизди тосуп алган апама менин жайдарыңкы маанайым жакпады көрүнөт, Канат менен учурашкан да жок.
Телефон номерлерди алмашып, Канат экөөбүз күн алыс байланыша баштадык. Атамдын өгөй баласын сүйүп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес, бирок тагдыр бизге ушинтип тамашалады.
Арадан бир жыл өткөндө Канат мага үйлөнүү сунушун киргизди, апама айтсам, тикесинен тик туруп, мурдагы жароокер апам мага эми душман мамилесин кылып баштады. Эшикке чыксам дагы көзөмөлдөп, Канат менен байланыштырбоонун айласын көрүп калды. Атам дагы биздин мамилеге караманча каршы болду.
Бир күнү окууда жүрсөм бир жигит келип, апамдын катуу ооруп ооруканага жатып калганын айтып, автоунаасына отурушумду талап кылды, ойлонбой барып эле отуруп алдым, бирок биз ооруканага эмес, башка тарапка кетип бараттык. Жолдо бара жатсак апам чалып, “таш түшкөн жеринде оор болот, ошол үйгө отурасың” деп телефонду өчүрүп койду. Оорубаганына бир сүйүнсөм, айткан сөздөрүнө кайра күйүнүп, автоунаадан секирүүнүн амалын издей баштадым. Ошентип жанымдагы топ жигиттер менен алышып бара жатып кырсыктап кеттик. Ойгонсом жол четинде жатыптырмын, жанымдагылар да кыймылсыз жатышат, турайын десем бутум кыймылдабайт, башымды көтөрөйүн десем оорусуна чыдай албачудаймын. Бир кезде асман түнөрүп, эс учумду жоготуптурмун.
Канча уктадым ким билсин, кайра ойгонгонумда ооруканада жатыпмын, эс учумду жыйнап эле Канатты издей баштадым, бирок көрө алган жокмун. Апам, атам жана атамдын аялы кирип келишти, атамдын аялынан Канатты сурадым, бирок, жарытылуу жооп эмес, Канаттын жакында үйлөнгөнү жатканын айтты.
Артынан дароо эле дарыгерлер кирип келишип баса албай калышым мүмкүн экенин жар салып, дүйнөмдү карартып чыгып кетишти. Дендароо болуп көпкө жаттым, атамды да, апамды да, ушул кең ааламды жек көрүп жата бердим.
Кеч кирип калганда Канат кирип келди, үн сөз жок сүйлөштүк, экөөбүздүн ортобузда таза сезимдер ушул боюнча калышы керек экенин түшүндүк. Бири-бирибизге бакыт кааладык, ыйладык, коштоштук.
Андан бери 2 жыл өттү, бутум чынында баса элек, дарыгерлердин айтымында, көбүрөөк аракет кылсам балким басып кетишим мүмкүн экен, бирок менин эч нерсеге көңүлүм жок, эч ким менен сүйлөшпөйм, апам экөөбүз тааныш кошуналардай күн кечиребиз, мурдагыдай сырдашмак түгүл, сүйлөшпөйбүз. Ичимдеги ага болгон жек көрүүнү жеңе албай келем, апам мындай кыянаттыгын кылбаганда балким басып жүрмөкмүн деп көп ойлоном.
А Канат болсо чын эле үйлөнгөн, бир баланын атасы болгон, кээде гана жолугуп учурашып калбасак, көп учурда жолукпаштын айласын издейбиз.
Балким, ушул жазганымды ата-энелер окуп жаткан болсо сабак болуп калаар, балдарыңардын жакшылыгын кааласаңар, алар алчу сабакты силер эмес, жашоо өзү үйрөтсүн, балаңар өзүнүн тандоосу менен сыналып, өзүнүн жашоосу менен жашасын дейт элем.
Асель Жаныбекова
Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.