КоомКылмыш-кырсык

Даниел Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту вебкам студияларды иштетүүгө айыпталган Даниел Ажиевге 220 миң сом айып салып, мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга кести. Ошондой эле эки жылга чейин ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылды.

Ажиев менен кошо айыпталып жаткандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган.

Дагы бир айыпталуучу кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган. Ажиев соттун чечими күчүнө киргенге чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалат.

Ажиев жана аны менен кошо айыпталгандар, алардын адвокаттары соттун чечимине комментарий бере элек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button