Коом

«Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү» II инвестициялык форуму өтөт

Баткен шаарында “Баткенди өнүктүрүү – өлкөнүн өнүгүүсү” аттуу II инвестициялык форум өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Иш-чара түрдүү тармактардагы олуттуу долбоорлордун башталышы болот деп күтүлүүдө.

Форумдун негизги багыттары энергетика, туризм, айыл чарба, өнөр жай, логистика жана эл аралык транспорт сыяктуу тармактарда кызматташуу, ошондой эле кичи жана орто бизнестин өз ара аракеттенүүсүн камтыйт.

Белгиленгендей, ата мекендик ишкерлер үчүн бул жаңы өнөктөштүктү түзүү жана бизнес байланыш чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button