Коом
Кыргызстанда жайыт жерлерди колдонууга эки жылга чектөө киргизилет
Жакынкы жайыт жерлерине мал жаюуга тыюу салууну Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сунуштады.
Маалыматка ылайык, жакынкы жайыттар интенсивдүү пайдаланылып жаткандыгына байланыштуу чектөөлөр 2025-жылдын 15-апрелинен 15-сентябрына чейин созулат, андан ары мындай 5 айлык чектөө 2027-жылга чейин киргизилип турат.
Ведомстводон кошумчалашкандай, бул өз кезегинде жайыттарды жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түрткү берет.