Коом

УКМК кызматкерлеринин кийлигишүүсүнө бөгөт коюлуп, буйрук чыгарылды

КР УКМК атайын кызматтын кызматкерлерине мүнөздүү болгон жогорку моралдык-адеп-ахлактык рухун камсыз кылуу жана колдоо боюнча өздүк курам арасында күчөтүлгөн иштер жүрүп жатканын маалымдайт. Анын алкагында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүгө жол бербөө үчүн тартипке карата талаптар күчөтүлдү.

Мыйзамдуулукту сактоо максатында Мамкомитеттин төрагасы кеңешме өткөрүп, анда УКМКнын өздүк курамына катуу эскертүү берип, Мамкомитеттин жетекчилеринин жакындарынын өтүнүчтөрүн канааттандыруу үчүн мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине кийлигишүүгө жол бербөө жөнүндө буйрук чыгарды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button