Бүгүн Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Алтынбек Кылычбаев парламентте ант берди.
Ал №13 бир мандаттуу Сузак шайлоо округунан шайланган.
«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын курамына кирген Кылычбаев мурдагы депутат Тазабек Икрамовдун ордуна келди. Анын 17-июлда УКМКда сурак берип чыкканы маалым болгон. Көп өтпөй эле 19-июлда өз ыктыяры менен мандатын тапшырганы кабарланган.