Кылмыш-кырсык

УКМК: Баткен облусундагы алтын кени мамлекеттин балансына кайтарылды

КР УКМК тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында «Апрелское AZI» алтын кени Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлигинин балансына өткөрүлүп берилди. Аталган жерде алтындын жалпы кору 10 тоннага жакын жана 15 тонна күмүштү түзүп, алдын ала эсептөөлөр боюнча кендин баасы 50 миллион АКШ доллар.

Учурда КР УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү тарабынан алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button