ДүйнөКоом

Кытайдагы кооптуу инфекциядан 4 адам каза болду

Кытайдын Гонконг атайын административдик районунда 90дон ашык адам В тобундагы стрептококк чакырган инфекцияга кабылып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости аймактын ден соолукту коргоо борборуна таянып жазды.
Соңку маалыматтар боюнча, 91 бейтаптын 40ы ооруканадан чыгарылды. Медициналык жайлардагы 43 бейтаптын абалы туруктуу, төрт киши оор абалда жана дагы төрт оорулуу каза тапкан.
Эпидемиологиялык иликтөөнүн жыйынтыгы 75 бейтап оорунун симптомдору пайда болгонго чейин тузсуз суудан кармалган, бышыра элек балыктарды жегенин көрсөткөн. Оорулуулар Гонконгдун ар кайсы аймактарында жашаганы, балыктар 18 райондогу 47 базардан сатып алынганы аныкталган. Бейтаптардан инфекциянын ST283 штаммы чыккан.
Жергиликтүү бийлик элди тузсуз суудан кармалган чийки балыктарды кармалаганда кол кап кийүүгө, базардан аларды абайлап, карап алууга, ошондой оорунун белгилери байкалса тезинен медиктерге кайрылууга чакырды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button