Коом

Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 5-октябрда, Ош шаарынын 3024 жылдыгы белгиленип жата. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Калаа башчысы Бакытбек Жетигенов тургундарды майрамы менен куттуктаган.
«Мына бүгүн тарыхы терең, берекеси мол, меймандос, кереметтүү калаабыздын 3024 жылдыгын белгилеп жатабыз. Борбордук Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири болгон ордолуу Ош – кылымдар алмашып, доорлор өзгөрсө да өзгөчө баалуулуктарын сактап, тарыхый эстеликтери, маданий мурастары, ыйык Сулайман-Тоосу, Ак-Буура дарыясы менен өзгөчөлөнүп, туристтерди өзүнө тартып турат», — деген Жетигенов.
Мэр Ош шаары учурда саясий, экономикалык, илимий жана маданий багытта өнүгүү жолунда бара жатканын белгилеген. Ошондой эле калаанын инфраструктурасын жакшыртуу, көркүнө көрк кошуп, ар тараптуу өнүгүүсү үчүн алгылыктуу иштер аткарылып жатканын кошумчалаган.
Бүгүн Ош шаарынын күнүнө карата бир катар маданий-оюн-зоок программалар тартууланмакчы. Күндүз Сатылганов атындагы сейил бактагы жайкы театрда концерттик программалар, ОшМУнун «Ак-Буура» кампусунда авто жана мотосүйүүчүлөр үчүн Osh motors фестивалы», Алымбек датка этноборборунда кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү өтөт.
Майрам саат 19:00дө Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионунда маданий массалык театралдаштырылган чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button