Коом

Улан Ниязбеков Баткен облусунун ИИБнын өздүк курамы жана жергиликтүү тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 5-октябрь күнү Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жайгашкан жаңы айылдык милициянын бөлүмдөрүн ачты жана жергиликтүү эл менен жолугушту.

Бул жаңы айылдык милициянын бөлүмчөсү бардык жашоо шарттарына ыңгайлашып курулган. Бул аймакта кызмат өтөгөн милициянын ыйгарым укуктуу кызматкери үч кызы жана келинчеги менен жашап, кызмат өтөйт.

Андан сыркары, Ички иштер министри
Кулунду айыл аймагынындагы Ак-Босого айылындагы жаңы милициянын аймактык бөлүмчөсүнө дагы барды.

Бул бөлүмчөдө милициянын ыйгарым укуктуу кызматкери жубайы менен кызмат өтөйт. Жубайы дагы Жаш балдар менен иштөө инспекциясында эмгектенип келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button