КоомМаданият

Ырчы Бек Борбиев өзү тууралуу видеого түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда КРнын Эл артисти Бек Борбиевдин видеосу тарап жаткандыгына байланыштуу, ырчы мырза өзүнүн Фейсбук баракчасына түшүндүрмө берип, кыргыз элине кайрылуу жолдогон.

Текст өзгөртүүсүз берилет;

«Урматтуу баракчамдагы достор, кечээтен бери сөз болуп жаткан видео боюнча эки сөз
Бул окуя 3- октябрь күнү Жалал Абад шаарындагы бир ресторанда болгон. Сөз башынан болсун. 10 күн мурда менин тааныштарым аркылуу мага чыгышып, мугалимдер күнүнө карата корпоративге концериңизден кийин бир барып ырдап кетиңиз деп суранышты. Мен концерттен кийин чарчап калам, бара албайм десем, мугалимдер аябай суранып атышат дегенинен макул дедим. Менин апам өмүр бою мугалимдикти аркалаган, кой не болсо да бара кетейин деп, концерттен кийим которбой эле келдим. Кечки 22.30 болуп калган, бий учуру экен. Мени чакырган соң кирип ырдай баштадым. Сахнасы өтө бийик эмес, үч тепкич эле. Биринчи ырымда эле сүрөткө түшүү башталды. Эми түшүнөм “аябай майрамдап алгандары” кучактап, колтуктап колдон тартып, белден тартып… Айтор мындай көрүнүштөдү көрүп эле жүрөсүздөр. Биринчи ырды араң ырдап буттүм дагы, токтоп алып сурандым. Мындай кылганыңар болбойт эжелер, өзүңөр тартипти талап кылып жүргөн мугалим болсоңуздар, бул жерден өзүңүздөр бузуп жатасыздар деп. Сүрөткө түшсөңөр ылдыйкы тепкичтен түшкүлө, мага тоскоолдук кылбагыла деп. Ооба туура дешти көпчүлүк, ошол карындашым бир нерсе деп кыйкырып аткан, көңүл бурган эмесмин, көбүрөөк майрамдап алса керек. Экинчи ырды ырдап атканда келип жаныма туруп алды. Сүрөткө деле эч кимди тарт дебей. Мындайча айтканда, эмнеге чыкпайт экенбиз дегендей протест кылып. Мен ырымды токтотуп, түшүңүз деп принципиалдуу түрдө сурандым. Кетип атып да сөгүнүп атты окшойт)
Мына ушундай окуя. Сахна биз үчүн жумуш орунубуз. Ал жакка көрүүчүлөр ыр бүткөндө гана чыкканга акысы бар. Ошондо да колунда гул болсо. А башка маселелер, кат берүү, сүрөткө түшүү жб сахнадан сырткары болуш керек. Мен ар дайым концерттеримде суранам, артистерге тоскоол болбогула, бул биздин жумуш деп. Тойлордо дагы мындай нерсе болбосун деп, айтып келгем. Бул көрүнүш алыста отуруп көрүп, ыр угуп аткандарга да тоскоолдук. Дегеле чет жактан келгендерге өөн көрүнөт. Артист сахнада иштеп атканда ким болсо да, мугалимби, депутатпы, же ичип алган фанатпы, эч кимдин сахнага чыкканга акысы жок. Бул ырчыга болгон сый жана сахна маданияты
Бүгүн 100 дөгөн хейт комментарий жазгандарды блоктодум. Тигил майрамдап алган мугалим карындашымды туура эмес кылып атканын көрбөй, мени туура эмес кылды дегендер менен бир баракчада болуунун мага кереги жок. 35 жыл сахнада жүргөн адамга сабак үйрөткөндөрдү дагы
Ушунча жылда 100 миңдеген ыр күйөрмандарым менен сүрөтүм болсо керек, балким андан көптүр. Кеп анда эмес. Көчөдөн, же кафелерден учурап калгандар менен убактым болсо түшөм, болбосо түшпөй кечирим сурап кетишке туура келет. Анткени турмуш мыйзамы ошондой. Бирөөнүн убактысы анын өмүрү. Ар ким өз өмүрүнун ар бир мүнөтүн өзү каалагандай өткөрөт, биз барып бир үзүмүн мага бер дегенге акыбыз жок. Убактысы болсо артиспи же ким өзү эле сүрөткө түшөт, сүйлөшөт, кобурашат
Ушул айтаарым, менин саясий көз караштарымбы, же башка ушундай маселелер үчүн жактырбагандар болсо мен туура түшүнөм, бул трагедия эмес. Кудайга шүгүр менин позицияларыма, мен жөнүндөгү ушак айың создөргө маани бербей ырымды сыйлап уккандар аз эмес
Мугалимдердин корпоративинде 80 пайызы ордуларында отуруп, кол чаап, же ары жакта бийлеп эс алып жатышкан. Мен тигил карындышым эмес, ошол мени колдоп отурган мугалимдерден кечирим сурайм. Ошондой эле ошол корпоративди уюштурган уюштуруучулар бар болгула, билет сатып пайда көрүп аткан соң, баардыгын акырына чейин караш керек
Ошол достор, баарын аманчылык жеңет , аман болгула» деп жазган Бек Борбиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button