Блогер блокКоом

Тагдыр: Күндөгүдөн өзгөчө кулпуруп, бактылуу болуп барсам, баягы зөөкүр маңдайымда турат…

Шаарыбыздын четиндеги бир конушта жашайм, үйгө бара жатсам маршруткада “Жолугаарым билгемин” деген ыр жаңырып жатыптыр. Ал ыр мени тээ алыста калган ашыктык күндөрүмдү, балалык баео сезимдерди эске салып, ойго чөмүлүп кеттим.

Эмесе сөз башынан болсун, атым Гүлгүнай. (Ред. Аты өзгөртүлдү)

Өзүм ушул эле Чүйдүн кызы болом, ата-энем айылда турушат, мектепти бүтөөрүм менен шаарга кетким келе берчү, чоң мегаполис мени да чоң адам кылат деп аябай үмүт артаар элем, бирок андай болбоду…

Айылыбызда мени жакшы көрөм деп артымдан калбай жүгүрүп жүргөн жигитти чанып, өзүмө жаккан жигит менен кыз жигит болуп сүйлөшүп калдым.

Ошондой күндөрдүн биринде, бир майрамда кыздар чогулуп майрамдамай болдук, балээнин баары ошол күнү болду. Түн жарымга чейин кыздар менен шарактап отурсак, баягы мени жактырган жигит достору менен мас болуп келишти, мына эми кетейин дегенде автоунаасына салып барып, айылдын четиндеги токойдо үчөөлөп зордуктап салышты, биротоло өлтүрүп салгылачы деп суранып жаттым, бирок, ал зөөкүрлөр шылдыңдаган боюнча автоунааларына отуруп алып кетип калышты.

Шайдоот жүргөн жаным, ошол күндөн баштап үйдөн чыкпай, өзүмө көп жолу кол салууга аракет кылдым, жанымдын таттуулугунан гана кала бердим.

Бир жолу апам менен сүйлөшүп отуруп, болгон окуяны айтып бердим, үйдө кыргын, ызы-чуу, апамдан уккан атам тиги зөөкүрлөрдүн үйүнө ит мылтыгын карманып алып жөнөп кетти.

Бир нерсе болуп кетпесин деп апам тигилерге телефон чалып үлгүрүп, алар үйүн бекитип качып кетишиптир.

Кийин, ошол зөөкүрлөрдүн ата-энелери биригип үйгө келишип, чоң суммадагы акча сунуш кылышты, баласына алып берип үйлөнтүп коелу деп да көрүштү. Атам макулдугун берип, намысымды тазалагысы келди, бирок мен макул болгон жокмун, кайсы кыз мындай жашоону өзүнө ыраа көрмөк эле..?

Акчаны алып алгандан кийин атам да, апам да тынчталып эч нерсе болбогондой тымызын жашоосун сүрүп, ал акчага мал алып бага баштады. Мындай азапты күнүгө көргөндөн көрө деп Бишкекке кетип калдым.

Шаарга келип өткөн күндөрдү унутуштун айласын издеп, жумушка берилип иштеп жаттым. Күндүзү чоң үйлөрдү тазалайм, кечкисин топчу кадайм, акырындап тигүүчү да болуп, колума чоң акча алып калдым.

Жанымда иштеген Нурлан аттуу жигит экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп, бир нече убакыттан кийин чогуу жашап алдык. Үйдөгүлөргө эч нерсе деп айткан жокмун, колума тийген акчадан салып турам, айтор, шаардын жашоосу жагып жатты.

Арадан жарым жыл өткөндө кош бойлуу болуп калганымды билдим, Нурланга бул жаңылыгым жакпай, баланы алдыр деп баштады. Менин жүрөгүм чыдаган жок, ойдо жок жерден эле балалуу болуп, эне атка кондум. Нурлан экөөбүздүн мамилебиз акырындап сууп, мага жардам берээрин айтып, биз жашаган батирден чыгып кетти.

Төрөп жатканда жалгыз калганымды түшүнүп, апама чалдым, атамды ээрчитип келип калышты. Бул жерде кала албастыгымды айтып, кайра айылга алып кетишти. Балам 3 айлык кезинде ата-энеме таштап, кайра шаарга келип иштей баштадым.

Антпесем, айылда өткөн азаптуу күндөрүм көз алдыма элестелип, күн сайын чүнчүп бараттым. Баламды алсам да кыйратып оокат кылып кете алмак эмесмин.

Эки жыл эч ким менен сүйлөшпөй, жумуштун аркасынан түшүп, өзүм менен өзүм болуп калганымда Бектур менен жолуктум. Буга чейин мындай сезимди башыман өткөрүп, мынчалык сүйүп көрбөгөнүмдү ушунда түшүндүм. Экөөбүз дайыма “жолугаарым билгемин” деген ырды биздин ыр деп атачубуз. Өткөн турмушумду айтпасам дагы, артымда балам бар экенин айтсам, мага кандай жолдош болсо, балама да мыкты ата болуп берем деген сөзү менен үйлөнүү сунушун айтты. Ойлонбой туруп дароо макул болдум, ата-энеси, бир туугандары менен сүйлөшүп, алар менен тааныштырмай болду. Күндөгүдөн өзгөчө кулпуруп, бактылуу болуп барсам, баягы зөөкүр маңдайымда турат, көрсө Бектурумдун күйөө баласы экен.

Дүйнөнүн кичинекейине нааразы болуп, көргөн көзүмө ишенбей, жек көрүү менен тиги акмакты тиктеп тура бердим. Үнүмдүн болушунча чаңырып, ичимдеги бугумду чыгарып, тиги зөөкүрдүн таш-талканын чыгарып салгым келди, анте албадым, тынч эле отуруп калдым.

Арадан 2-3 күн өткөндө Бектурумдун карындашы жолугушууга чакырды, кыска гана агасынан алыс болуумду суранды, болбосо болгон окуяны Бектурга айтып салам деп коркутту. Сен убара болбо, мен өзүм айтам десем, менин үй-бүлөмдү бузуп жатасың деп кайра мени кыжалат кылды. Күйөөңдүн зордукчул бирөө экенин билсең дагы жашай бересиңби деген суроомо “Мен аны аябай жакшы көрөм, балдарыбыз бар, силердин ортоңордо эч нерсе боло электе чекит койгула” деп мага догурунуп койду.

Адамдар ушунчалык өзүмчүлбүз ээ..?

Ошол күндөн тартып Бектурдан алыстап калдым, ичимде күйүп турсам дагы эч нерсе дей албадым, ал дагы бир нерсени шекшигендей кайра-кайра суроолорун жаадырат, бирисине дагы жооп бере албайм.

Эң жакшысы, эки жолго түшүп, эң сонун түшүмдөн ойгонуп, чыныгы реалдуу жашоого кайтышым керек болду, ошенттим. Бектурга баламдын атасы менен бирге болом деген шылтоону айтып, жашоосунан жок болдум.

Ортодо эки жыл өтсө дагы мени таап алып, чалып турат, ал-жай сурашып калабыз, бирок мурдагы күндөрүмдү ушул күнгө чейин айта албайм.

 

Асель Жаныбекова

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button