Кылмыш-кырсык

Билим берүү мекемелеринин биринде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды

Араван районундагы мектептин мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары аткарылган жок.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүү гранттары жөнүндө» токтому бар.
Бюджеттик каражаттардын эсебинен билим алган жарандар бөлүштүрүүгө ылайык ишке жиберилүүгө тийиш. Бирок, айрым бүтүрүүчүлөр, айрыкча региондордо иштөөгө даяр эмес.
Тактап айтканда, Ош мамлекеттик университетинин 3-башкармалыгынын кызматкерлери университетти гранттык негизде аяктаган айрым бүтүрүүчүлөр КР Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү мекемелеринин кызмат адамдары менен ич ара сүйлөшүп, , мыйзамсыз жол менен аталган билим берүү мекемелериндеги эмгек стажы тууралуу эмгек китепчесин алышканын аныкташкан.
1996-жылы туулган Э.Э. аттуу жаран 2018-жылы Ош Мамлекеттик университетин аяктап, Араван районундагы мектептердин биринин директору 1984-жылы туулган Э.М. аттуу жаран менен ич ара сүйлөшүп, төмөнкү жагдайларда мыйзам бузуу менен мыйзамсыз эмгек китепчесин алганы аныкталды.
Мектептин директору Э.М. мектепте мугалим болуп иштебегенине карабастан, 15.11.2019, 15.11.2019 жана 15.11.2022-жылдардагы жалган буйруктарды каттоо журналына бош орунга жазып койгон. Ошондой эле эмгек китепчесине тарых мугалими болуп жумушка орношкону тууралуу жазуу киргизген. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында Э.Э. жаран Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болгон.
Факт боюнча Ош ОИИБдин Тергөө кызматында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Мектептин мурдагы директору 1984-жылы туулган Э.М. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кылмыш иши боюнча кароо үчүн сотко жөнөтүлдү
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү мекемелеринде ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button