Жогорку Кеңеш Замирбек Базарбековдун Жогорку сотунун төрагасы кызматынан бошотуу жана өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын көпчүлүк добуш менен канааттандырды. Базарбеков өзү парламентке келген жок.
Спикер Нурланбек Шакиев Базарбековдун билдирүүсү бар экенин билдирди. Анда ал өз арызы менен кетип жатканына байланыштуу «парламентке келүү максатсыз» экенин айткан.
Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кечээ, 9-октябрда белгилүү болгон. Анын арызын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап, макул болгон. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.
Ушул эле күнү Судьялар кеңеши Базарбековдун арызын канаттандырып, Жогорку соттун төрагасы кызматынан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту президент Садыр Жапаровго жөнөткөн.