КоомСаясат

Садыр Жапаров майыптар үчүн шайлоо күрөөсүн азайтууну сунуштады

Майыптар үчүн шайлоого катышуу шарттарын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоорун президент демилгелеген.
Анда майыптыгы бар талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасын азайтуу каралган.
«Майыптар үчүн шайлоого катышуудагы күрөө коюу талабы кыйынчылыктарды жаратып, алардын шайлануу укугун ишке ашырууга тоскоолдук кылат. Майыптыгы бар адамдардын шайлоо күрөөсүн төлөөдө башка жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес экенин эске алуу зарыл», — деп жазылган маалыматта.
Аталган демилге шайлоолорду ачык жана инклюзивдүү кылууга шарт түзөрү белгиленген.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча майыптыгы бар талапкерлер үчүн күрөөсү төмндөгүдөй белгиленет:

III топтогу майыптарга — 70 миң сом;

I жана II топтогу майыптарга – 50 миң сом.

Белгилей кетсек, округдар боюнча депутаттыкка ат салышкандар 100 миң сомдон шайлоо күрөөсүн төгөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button