КоомКылмыш-кырсык

Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын эки кызматкери ээлеген кызмат ордунан бошотулду

Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгилегендей, “Кыргызкөмүр”ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө инвесторлор менен иштөөнү көзөмөлдөө жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Ага ылайык, кызматтык милдеттерин одоно бузган эки кызматкер — “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун Инвестициялык ишти жана ишкананын «Түштүк» филиалын тескеген орун басары жана «Түштүк» филиалынын директору жумушунан бошотулду.

Тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгени айтылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button