Ички иштер министрлигинде мамлекеттик тил саясаты талкууланды
Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
2024-жылдын 11-октябрында ИИМдин Борбордук аппаратында “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп өттү. Бул иш-чарага Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Аталган сөздүк Кыргыз милициясынын тарыхындагы алгачкы жолу жарык көрүп жаткан эмгек. Бул сөздүк ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмү тарабынан түзүлүп, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы терминологиялык комиссия тарабынан кароодон өтүп, басууга сунушталган. Аталган сөздүк алгач долбоор иретинде 2022-жылы жарык көргөн. Ал эми акыркы варианты 2023-жылы терминологиялык комиссиянын макулдугун алып, улуттук комиссия тарабынан басмаканадан чыгарылды.
Иш-чаранын журүшүндө, Улан Ниязбеков: “Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы”-дегендей, мына Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгы, Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы тогошуп келди. Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата ички иштер органдарында 100 имаратты ачуу, 100 иш-чара өткөрүү мерчемделген. Ошол иш-чаралардын бири катары бүгүнкү күнү сиздер менен жолугушуп турганыма абдан кубанычтамын.
Мына бүгүнкү саамалыктын орун алышы, тактап айтканда “Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин орусча-кыргызча, кыргызча-орусча сөздүгүнүн” бет ачары болуп, колдонууга берилиши дал ушул максат-милдеттерибиз менен байланыштуу.
Ички иштер органдарында колдонулган терминдер бирдиктүү эрежеге салынышы, түшүнүктөрдүн жана терминдердин ар түрдүү жана орунсуз колдонулушуна гана бөгөт койбостон, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишмердигин так камсыз кылат.
Андыктан аталган сөздүктүн жарыкка чыгышына колдоо көрсөткөндүгүңүздөр үчүн Сиздерге өзүмдүн атымдан жана ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамынын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем!” – деди Улан Ниязбеков.
Үч
Ошондой эле министр мырза сөздүк тууралуу өз оюн жана ыраазычылыгын билдирип, келген меймандарга ички иштер министрлигинин атайын сыйлыктары менен сыйлады.