КоомСпорт

Таласта СССРдин спорт чебери Сагынбек Жаманкулов атындагы спорт залы ачылды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын урматына, 13-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кыргызстан айылында жабык типтүү, 130 орундуу, заманбап, спорт залы ачылды. Жаңы спорт залга эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Бүткүл Союздук мелдештердин бир нече жолку чемпиону жана баш байгелеринин ээси Сагынбек Жаманкуловдун ысымы ыйгарылды.

             

     

     

Салтанаттуу ачылышка спорт чөйрөсүнүн ардагерлери жана машыктыруучулары, спорт ышкыбоздору, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков, Кыргызстандын күрөш федерациясынын мурдагы президенти Мелис Турганбаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Талантбек Эдилов, Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими Алгынбай Имаров жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Сагынбек Жаманкулов жана үй-бүлөсү спорт залдын ачылышына арнап баш байгеге жеңил унаа, акчалай сыйлыктарды коюп, ага күрөш боюнча мелдештер уюштурулду. Ошондой эле иш-чараны кыргыздын белгилүү өнөрпоздору, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова, төкмө акын Акматбек Султан уулу, маданияттын мыкты кызматкери Кубаныч Сатаев, реп ырчысы Жайсаң коштогон концерттик программа өттү.

Белгилүү спортчу Сагынбек Жаманкулов Талас облусундагы эң алгачкылардан болуп Бишкектеги спорт мектебине келип кирип, спорттогу карьерасын баштаган. Жогорку билимдүү. Одессадагы М.В. Ломоносов атындагы тамак-аш өнөр жай технологиялык институтун бүтүргөн. Адистиги боюнча өнөр жай тармагында узак жылдар бою эмгектенип, учурда ардактуу эс алууда. Сагынбек Жаманкулов балбандардын мекени аталган өзүнүн кичи мекенинин өнүгүүсүнө дайыма колдоо көрсөтүп, элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө чоң салымын кошуп келе жатат. Кыргызстан айылынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылган. Ошондой эле спорт чөйрөсү менен да тыгыз байланышта болуп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп, спортчулардын сыймыктуу насаатчысы катары таанылып келет.
Эскерте кетсек, буга чейин айылдагы стадионго дагы Сагынбек Жаманкуловдун ысымы берилген. Элдин мындай чечими Сагынбек Жаманкуловдун элинин патриоту жана инсандык бийик сапаттардын ээси экенин далилдеп турат. Кыргызстан айылындагы Сагынбек агай баштаган жолду улап көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Нурбек Кожобеков, балбан кыздар дүйнөнүн чемпиону Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы жана жаштар өсүп келе жатканын бүгүнкү салтанаттуу ачылыштын коноктору сыймыктануу менен белгилеп жатышты.

        
Байгелүү мелдештердин жыйынтыгында жигули автоунаасын Кыргызстан айылынын балбаны Баяман Мыктыбек уулу жеңип алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button