Баткенде «Алтын калем» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ММКнын өкүлдөрү үчүн уюштурулган “Алтын калем” сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Сыйлыктарды КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу Абдикарим Алимбаев, облус активи катышкан жыйында тапшырды.
Фергана Медианын Баткендеги журналисти Сабыр Абдымомунов “Алтын калем” сыйлыгына татыды. Журналист “Алтын калем” статуеткасы, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
“Мезгилдүү басылма” номинациясы боюнча Лейлек райондук Ата-Журт гезитинин кабарчысы Бүүрайма Худайбердиева диплом жана акчалай сыйлык менен,
“Телеберүү” номинациясы боюнча УТРК Баткен телеканалынын журналисти Миңгүл Көчөрова диплом жана акчалай сыйлык менен,
“Радиоберүү” номинациясы боюнча Салам Медиасынын журналисти Гүлбарчын Амирова диплом жана акчалай сыйлык менен,
“Интернет” номинациясы боюнча Азаттыктын Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Ал эми Ала-Тоо 24 телеканалынын журналисти Максат Акылбеков диплом жана өкүлдүн кызыктыруучу сыйлыгына ээ болду.
Сынактын максаты- облустун социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды калктын калың катмарына жеткирүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролун жогорулатуу.