Коом

Мамлекеттик ипотекалык компания Россиядагы кыргызстандыктарга кеп-кеңеш берет

Мамлекеттик ипотекалык компания Россиядагы кыргызстандыктарга кеп-кеңеш берет.

Мекемеден маалымдашкандай, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Россияда өткөрүлүп жаткан Кыргызстандын Маданият күндөрүнүн алкагында маалымат кампаниясы өткөрүлөт. Иш-чара “Элдик Банк” менен биргеликте Москва жана Санкт-Петербург шаарларында уюштурулат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери 18-21-октябрда Москвадагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильонунда, ал эми 22-23-октябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында иштешет.

Анда кыргызстандыктарга турак жай алуунун шарттары туурасында жеринен маалымат берилип, төмөн пайыз менен Үлүштүк курулуш жана Топтолмо ипотека механизмдери аркылуу үй алууну каалаган мекендештердин ар бирине жеке кеп-кеңеш берүү пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button